«АЛТЫН КЫЗ» драмасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АЛТЫН КЫЗ» – алгачкы кыргыз музыкалык драмасы. Либреттосун Ж. Бөкөнбаев, музыкасын Власов менен В. Фере жазган. Адегенде 1937-жылы кыргыз драма театрында (режиссеру Ө. Жетикашкаев, балетмейстери – Н. Холфин, сүрөтчүсү – Г. Айтиев, дирижёру – Ш. Орозов, хормейстери – П. Меркулов), кийин 1949-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында (режиссеру А. Куттубаев, К. Эшимбеков, дирижёру – А. Жумакматов, сүрөтчүсү – А. Арефьев) коюлган. Башкы ролдорду аткаргандар: А. Куттубаева (Чынар), А. Боталиев (Жапар), А. Малдыбаев (Кузнецов), Б. Бейшенбаева (Чынардын энеси), М. Кыштообаев (Берик дубана), К. Жантөшев (Момуш), К. Эшимбеков (Калыбек ырчы). Драмада коллективдештирүү мезгилинде кыргыз элинин турмушундагы орчундуу учурлар: жаңыча жашоого умтулган жалындуу деми, эркин эмгеги, келечекке болгон ишеними, жаңы коомдун түзүлүшү менен кошо жаралып жаткан жаңыча маанилердин орношу баяндалат. Кыргыз угармандарынын көркөм табит-таламдарына жакын элдик күү-обондордун негизинде жөнөкөйлөштүрүлүп жазылган «Алтын кыз» узак убакыттар бою сахнада коюлуп келген. 1974-жылы В. Власов менен В. Фере ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, тереңдетип иштеп чыгып, операга айланткан.


«Алтын кыз» драмасынан көрүнүш.
Алтын кыз.jpg