«АЛАШ ОРДО»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:20, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АЛАШ ОРДО» ‒ 1917‒20-жылдардагы Алаш казак улуттук автономиясынын өкмөтү. «Алаш Ордо» (Улуттук Кеӊеш) 1917-жылы 5-13-декабрда өткөн экинчи жалпы казак курултайында «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн. Съездде каралган 10 маселенин ичинен эӊ маанилүүсү Алаш автономиясын түзүү жана анын өкмөтүн дайындоо болгон. «Алаш Ордо» өкмөтүнүн курамында 25 мүчөсү болуп, 10 орун казак-кыргыздардын арасында жашаган башка калктарга берилген, төрагалыгына А. Бөкейханов шайланган. Анын негизги милдети катары Россияда жеӊишке жетишкен социалисттик революциядан Казакстанды коргоо болгон. «Алаш Ордо» антисоветтик күчтөр менен жакындашууга аракеттенип, атаман Дутов менен байланыш түзүшкөн. Жарандык согушта жеӊишке жеткен Совет өкмөтү «Алаш» партиясы менен «Алаш Ордо» өкмөтүн тараткан. Убагында Совет өкмөтү тарабынан Алаш козголоӊуна катышкандарга кечирим берилгенине карабастан, алар кийин сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан.
А. Жуманалиев.