«АКИпресс»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:19, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АКИпресс» (AKIpress) – маалымат таркатуу иштерин жүргүзүүчү компания. 1993‑жылы уюшту­рулган. Ал: «АКИпресс» маалымат агентчили­ги, «АКИпресс» – Фергана (Тажикстан, Өзбек­стан), «АКИпресс»-Казакстан, «АКИпресс» тал­доо (аналитикалык) журналы, АКИ – «Жёлтые страницы» («Сары барактар»), «АКИпресс» бас­ма сөз борборлору жана жаштардын «Лимон» ге­зити деп аталган беш тармактан түзүлгөн. «АКИпресс» маалымат агентчилиги 2000‑жылы не­гизделген. Бүгүнкү күндө КРдин глобалдык Ин­тернет системасында иштеген көз каранды эмес биринчи массалык‑маалымат каражаты болуп саналат. Анын кызматынан азыркы учурда Кыргызстандын басма сөз жана электрондук маалым­доо каражаттарынын көпчүлүгү, мындан сырт­кары, Борбордук Азия, КМШ, Европа жана Америка өлкөлөрү (Ассошиэйтед Пресс, Рейтер, Франс Пресс, Интерфакс, ИТАР ТАСС, РИА «Новости», маалымдоо агентчиликтери, «Азаттык», «Би‑би-­си» радиосу жана башкалар) кеңири пайдаланат.

М. Молдалиева.