«АК МАКТЫМ»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:17, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АК МАКТЫМ» – кыргыздарга арман дастаны ка­тары кеңири тараган уламыш. Анын бир нече варианты көбүнчө түштүк тарапта кеңири жа­йылган. Белгилүү варианттарга М. Зулпиев, Ю. Бостонов, А Токторбаев, К. Жоошбаев, М. Орозматов, Тоголок Молдо жазып калтырган «Кыз Мактымдын арманы» кирет. Ак Мактым жөнүндөгү уламыштын пайда болгон убагын шарттуу түрдө 15‑кылымга ыйгарса болот. «Мактым кыздын» сюже­ти (Ю. Бостоновдун варианты б‑ча) кара сөз жана ыр аралаш айтылат. Уламышта калмактын Асан пашасы иниси Чинтайчынын кошуну менен Күрөбөскө келип, Мактым сулууну алып кетүүнү көздөшөт. Мактым кыз Телтору атын токуп, шашып качууга камданат. Кыз качып бараткан­да «кырк кулач чачы» чечилип кетип, атынын туягына оролуп, ат жүгүрө албай чалынып жы­гылат да, Мактым калмактардын колуна түшөт. Андан ары окуя Мактым кыздын баатырдык көрсөтүп, эркиндикке чыгышы менен бүтөт.