«АЙГЫР ЖЫГАР»
Jump to navigation
Jump to search
«АЙГЫР ЖЫГАР» – үйлөнүү тоюнда аткарылуучу жөрөлгө. Кызды күйөөгө узатууда анын сиңдилери күйөө баланын (жездесинин) жолун тороп, жөрөлгөсүз кетирбей убара кылышкан. Күйөө бала аларга белек берип кутулган. «Айгыр жыгар» көбүнчө кыргыздардын түндүк урууларынын үйлөнүү тоюнда аткарылган.