«АГЫМ» гезити
Jump to navigation
Jump to search
«АГЫМ» ‒ менчик гезит. 2001-жылы негизделген. «Агым» гезити өзүнүн ээлеген орду, саясий багыты, сын көз караштагы мамилеси менен башка гезиттерден айырмаланган. Өлкөдөгү коомдук-саясий, экономикалык, социалдык жана эл аралык абал жана башка чиелүү маселелер эркин маанайда чагылдырылып, жалпы эле коомчулуктун көңүлүн бурдурган белгилүү гезит болгон. Гезиттин негиздөөчүсү жана биринчи башкы редактору ‒ белгилүү журналист, коомдук ишмер М. Эшимканов.