«АБРИСКИЛ» эпосу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын өз элин сүйгөндүгү, теңдик жана бакыт үчүн күрөшү чагылдырылган. Кудайга тообо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге Кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр менен үңкүрдөгү темир мамыга байлатып койгондугу баяндалган. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.