«АЛА-ТОО» -- жүзүм сорту

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:52, 13 Июнь (Кулжа) 2024 карата Mariya (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АЛА-ТОО» ‒ жүзүм сорту. 1962-жылы Кыргызстан дыйканчылык илим-изилдөө институтунун илимпоздору жүзүмдүн «катта-курган» жана «карабурну» сортторун чаӊдаштыруу жолу менен чыгарган. Түшүмдүү, гектарынан 300 цге чейин мөмө берет. Мөмөсүнүн канттуулугу 18,5%, кычкылдуулугу 3,8. Шиӊгилинин салмагы 350‒600 грамм. Мөмөсү даамдуу, жумшак, түсү саргыч, сулпу нык келип, жегиликтүү.