АРХЕОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРХЕОЛОГИЯ (архео... жана ...логия) – адамзаттын өткөндөгү тарыхын зат түрүндөгү сакталып калган булактар боюнча изилдөөчү тарых илиминин бир тармагы. Археологиялык булактарга адамдардын эмгек куралдары, курал-жарактары, турак жайлары жана байыркы шаар калдыктары, кыштактар, көрүстөндөр, казналар, аска таштардагы сүрөттөр, жазуулар жана башкалар кирет. Алар илимде археологиялык эстеликтер деп аталат. Археологиялык эстеликтерди казып алгандан кийин зат түрүндөгү жана жазма булактардын негизинде тарыхый окуяларды илимий реконструкциялоо жүргүзүлөт. Тургун жайларды казууда адам тиричилигинин эстеликтеринин ар кандай тарыхый доорлордо түзүлгөн маданий катмарлары такталат. Табылгаларды изилдеп, анализдөөдө Археологиялык методдор жана каражаттар колдонулат. Казууларда табылган материалдык даректерге илимий түшүнүк берүү үчүн Aрхеологияда антропология, этнология, геология, ботаника, зоология, палеонтология, физика, химия, табият таануу илимдери кеңири пайдаланылат. Археология термини биздин заманга чейинки IV кылымда байыркы заманды изилдеген илим катарында (Платон) колдонула баштаганы менен археологиялык изилдөөлөр Европада Кайра жаралуу доорунда гана атайын илимий максатта жүргүзүлгөн. Эстеликтерди изилдөөнүн негизги жолу - археологиялык казуулар. XV–XVI кылымдарда Италияда архитектуралык эстеликтерди изилдөөгө багытталган казуу иштери ишке ашырылды. XIX кылымдын 1- жарымында Археологиялык казуулар алгач Египет, Эгей деңизиндеги аралдарда, Грекияда, Түркияда, Иранда жана башкаларда, кийинчерээк Европа, Азия жана Түндүк Африкага кеңири жайылган. Ареологиялык казуулардын илимий методдору түзүлүп, казуу иштери комплекстүү түрдө жүргүзүлгөн. XIX кылымдын аягынан тартып Россияда Кара деңиз жээгиндеги байыркы грек шаарларынын калдыктары менен скиф коргондорун системалуу түрдө изилдөө башталып, Археология иштеринин методикасы жакшыртылган, аэросүрөткө тартуу киргизилип, археологиялык картага түшүрүү, суу алдындагы археология, стратиграфиялык, типологиялык ж. б. маанилүү методдор колдонулган. 1919-жылы Россияда материалдык маданият академиясы (азыркы Россия Илимдер академиясынын Археология институту) түзүлүп, археологиялык иштерди координациялоочу мекемеге айланган. Археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө CCCPдин курамындагы республикалардын Улуттук илимдер академияларындагы Археологиялык институттар жана бөлүмдөр белгилүү роль ойногон. Бул ишке музейлер жана алардын археологиялык бөлүмдөрү да катышкан. Орто Азия жана Кыргызстанда археологиялык изилдөө иштери XIX кылымдын 2- жарымында башталып, В. В. Радлов, Н. В. Веселовский, А. А. Андрианов, П. И. Лерх, М. Е. Массон, А. Н. Бернштам, С. П. Толстое, В. В. Бартольд жана башкалардын ысымдары менен байланыштуу. Археологиялык изилдөөлөр кыргыздардын байыркы тарыхын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берип, илимди жаңы көп материалдар менен байытты. 1859-жылы А. Ф. Голубев жана Г. А. Колпаковский Ысык-Көлдүн түбүндөгү жана түндүк жээгиндеги археологиялык табылгаларга көңүл бурушкан. 1885-1886-жылдары Ф. В. Поярков менен Н. Н. Пантусов Токмок жана Пишпектин жанындагы несториандык (христиандык) көрүстөндү табышкан. Бул эки көрүстөндөн Сирия тилиндеги жазуулары бар XII–XIV кылымдарга таандык бир нече таш жыйналган. Жазуулардын бир канчасын Д. А. Хвольсон, И. А. Коковцев жана С. С. Слуцкий которгон. 1892-жылы Кочкор өрөөнүндө А. М. Фетисов казуу жүргүзгөн. 1896–1898-жылдардагы археологиялык казуулардын негизинде Талас өрөөнүндөгү Айыртам-Ой деген жерден В. А. Каллаур тапкан түрк-рун жазуусу бар таштар орус жана чет өлкөлүк окумуштууларды кызыктырган. 1898-жылы ошол эле жерден Финн-угордук окумуштуулар коомунун экспедициясы түрк-рун жазуусу бар дагы эки ташты тапкан. XX кылымдын 20-жылдарында Кыргызстанда археологиялык эстеликтерди казуу жана изилдөө иштери жандана баштайт. 1928–1929-жылдары М. В. Воеводский менен М. П. Грязное Чүй жана Ысык-Көл өрөөнүнөн усун урууларынын көрүстөндөрүн казышкан жана изилдешкен. 1945-жылы М. Е. Массон менен Г. А. Пугаченкова Манас күмбөзүн, 1947-жылы Б. М. Зима Саймалы Таштагы сүрөттөрдү изилдеген. 1953-1954-жылдарда байыркы шаар Ак-Бешимдин урандыларын казууда Л. Р. Кызласов жана Л. П. Зяблин фрескалык жазуулар жана скульптуралар менен кооздолгон VI–VIII кылымдардагы архитектуралык курулуштарды табышкан. 1953–1956-жылдары А. К. Кибиров Нарын, Чаткал археологиялык эстеликтерин изилдеген. 1956- 1960-жылдары П. Н. Кожемяко Чүй өрөөнүндөгү Сретенка айылынын жанынан X–XIII кылымдарга таандык хан сарай мүнөздөгү комплексти, ошондой эле Талас өрөөнүнөн коло доорундагы көрүстөндөрдү тапкан жана изилдеген. Ошол эле жылы А. Н. Бернштамдын экспедициясы Алай өрөөнүнөн биздин заманга чейинки IV–III кылымдардагы таш доорунун эстеликтерин ачкан. А. Н. Бернштамдын Алайдагы жана Оштун түштүк батыш бөлүгүндөгү казуу иштерин Ю. Д. Баруздин (1957–1962-жылдар) улантып, Баткен аймагынын Ак-Дөбө кыштагынан биздин заманга чейинки V кылымдан биздин замандын VI–VIII кылымына чейинки көчмөн уруулардын көрүстөндөрүнөн байыркы түрк жазуусу чийилген карапанын сыныгын жана башкаларды тапкан жана изилдеген. 1956– 1960-жылдары Ю. А. Заднепровский Ош облусунун аймагындагы Шоро-Башат, Дөң-Булак, Кара-Дарыя жана башка шаарлардын урандыларын изилдеп, отурукташкан калктын биздин заманга чейинки I миңинчи жылдын биринчи жарымындагы маданиятын мүнөздөө үчүн баалуу материалды берген. Ю. А. Заднепровскийдин изилдөөлөрүнүн негизинде Ош шаарынын байыркы шаар экендиги аныкталып, 3000 жылдыгы өткөрүлдү (2000). Г. А. Брыкина Фергана, Баткен жана Лейлек археология эстеликтерин изилдеп, Кара-Булак, Кайрагач, Майда-Дөбө, Ана-Кызыл жана башка шаар калдыктарын казып, археологиялык табылгаларды ачкан. Кетмен-Төбө өрөөнүндө, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган археологиялык эстеликтерди изилдеп, изилдөө ишин Ы. Кожомбердиев жүргүзүп, натыйжада биздин заманга чейинки VI–IV кылым – биздин замандын I–IV кылымдарына таандык сак жана гунн урууларына тиешелүү Акчий-Кара-Суу көрүстөндөрү табылган. 1959-жылы Д. Ф. Винник жетектеген археологиялык экспедиция Ысык-Көл өрөөнүндөгү жана Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээктериндеги көлдүн түбүндөгү археологиялык эстеликтерди изилдеп, коло доорунан биздин замандын 16-кылымга чейинки 100гө жакын турак жайлар жана байыркы шаардын урандылары, көрүстөндөр, таштан жасалган сүрөттөр жана башка табышкан. 1961–90-жылдары А. К. Абетеков Түштүк Сибирь, Тоолуу Алтай, Минусин ойдуңунда (Хакасия), Енисейдин жээктеринде жана Кыргызстандын бардык чөлкөмдөрүндө коло доорунун (биздин заманга чейинки 3 миң жылдык) сак, усун, гунн жана түрк тилдүү көчмөн элдердин археологиялык эстеликтерин казып жана изилдеген. Кыргызстандагы эпиграфикалык эстеликтерди издөө, табуу жана жарыялоо Ч. Жумагулов көп жылдар бою эмгектенип келүүдө. Бүгүнкү күндө да Кыргызстандын аймагында казуу жана изилдөө иштери В. П. Мокрынин, А. К. Абетеков, К. Ш. Табалдиев, В. Д. Горячева, Б. Аманбаева, К. И. Ташбаева, Л. Ведутова, К. Малтаев, М. И. Москалёв, Ф. Ротт, О. А. Солтобаев ж. б. окумуштуу-изилдөөчүлөр тарабынан жүргүзүлүүдө.
Ш. Керимова.