АШИРБАЕВ Токтосун

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:06, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШИРБАЕВ Токтосун (15. 1. 1948, Ош облусу, Өзгөн району, Ана-Кызыл айылы ‒ 3. 4. 2006, Бишкек шаары) ‒ тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), профессор (2005). КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2004). Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун (азыркы Ош мамлекеттик университетинин) филология факультетин бүтүргөн (1974). Кийин анда улук окутуучу, доцент, декан (1979‒2001), 2001-жылдан кафедра башчысы болгон. 100дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинде орто мектептер жана ЖОЖдор үчүн окуу китептери, окуу куралдары жарык көргөн. Анын эмгектеринде тил илимине, кыргыз тилинин стилистикасына тиешелүү маселелер иликтөөгө алынган.
Эмг.: Тилдик бирдиктердин стилистикалык табияты. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Стилистиканын жалпы маселелери, 1-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Фонетикалык, сөз жасоо жана лексикалык стилистика, 2-китеп. Б., 2000; Кыргыз тилинин стилистикасы: Морфологиялык жана синтаксистик стилистика, 3-китеп. Б., 2001; Кыргыз тилинин стилистикасы: Функционалдык стилдер, 4-китеп. Б., 2004.
М. Молдалиева.