АСАНАЛИЕВ Кеңешбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:11, 26 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСАНАЛИЕВ Кеңешбек (10. 6. 1928-жыл, Чүй облусу, Сокулук району, Саз айылы – 2007-жыл, Бишкек шаары) – адабиятчы, сынчы, филология илимдеринин доктору (1992), Кыргыз эл жазуучусу (2005). Кыргыз мамлекеттик университетинин

АСАНАЛИЕВ 69.png


филология факультетин бүтүрүп (1950), Москва шаарындагы оpyc адабияты институтунун (Пушкин үйү) алдындагы аспирантурада окуган. 1955–1956- жaна 1976–1981-жылдары Kыргыз Pеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда кенже, улук илимий кызматкер, директордун орун басары, 1981-жылдан кыргыз адабияты бөлүмүн башчысы болуп иштейт. Анын эмгектери азыркы кыргыз адабиятынын өнүгүшүнүн актуалдуу проблемаларына, Т. Сыдыкбеков, Ч.Айтматов жана башкалардын чыгармачылыгына арналган. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.
Эмг.: Кыргыз совет прозасынын очерки. Ф., 1957, 1960; Көркөм бийиктиктер. Ф., 1974; Тоголок Молдо. Ф., 1975; Өрдөн-өргө. Ф., 1977; Доор менен бирге.Ф„ 1981; Тандалмалар. Ф„ 1983.