АНОПРИЕВ Геннадий Федорович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:39, 25 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНОПРИЕВ Геннадий Федорович (4.1.1947-ж. туулган, Кант шаары) – бокс боюнча спорт чебери (1969). КРдин көп жолку чемпиону. КРдин (1984) жана СССРдин эмгек сиңирген машыктыргычы (1990). Бокс менен 1962-жылдан машыга баштаган. 1971-жылы КМДТИни бүткөн. Кант шаарында балдар жана жаштар спорт мектебинде машыктыргыч болуп иштеген. Бокс боюнча 14 спорт чеберин даярдаган. Эң атактуу шакирти дүйнөнүн профессионалдык бокс боюнча чемпиону О. Назаров болгон.