АНАРКУЛОВ Бектур Суеркулович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:43, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРКУЛОВ Бектур Суеркулович (1970-жылы туулган, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (2017), профессор (2017). КММИни бүтүргөн (1993). Эмгек жолун Бишкек шаарындагы № 1 ШКОдо врач-интерн болуп иштеп баштаган. Бишкектеги №5 ШКОда врач-травматолог; травматология пунктунда врач-травматолог; курулушчулар поликлиникасында врач-травматолог; Бишкектеги тез жардам ШКОдо врач-травматолог; БТОИИБда илимий кызматкер, №1 травматология бөлүмүнүн башчысы; Б.Н. Ельцин атындагы КРСУда ассистент, доцент, кафедрада доцент. КР Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган. Анын 68 илимий эмгеги, илимий 2 монография, 1 окуу китеби, 14 ойлоп табуунун патенти жарык көргөн.

Эмг.: Скелеттин узун сөөк сыныктарын заманбап дарылоо. – Б., 2014. – 224 б. (авторлош). Характер сопутствующей патологии бедренной кости// Наука, техника и образование.– М.,2017. –№ 1 (31). –С.101-104. (в соавт.).