АМАНАЛИЕВ Баатырбек

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:23, 20 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМАНАЛИЕВ Баатырбек (1929, Чүй облусу, Чүй району, Ак-Бешим айылы – 1996, Бишкек) – философ, философия илимдеринин доктору (1966), профессор (1968). 1950-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн. Мугалимдер институтунда, КМУда доцент, Ош мамлекеттик институтунда кафедра башчысы, Кыргыз ССР ИАнын философия жана укук институтунда директордун орун басары, Бишкек финансы-экономикалык академиясында профессор болуп иштеген. Кыргыз философиясынын тарыхы жана социологиялык философия тармагы боюнча белгилүү адис. 40тан ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Илимпоздук кудуретин негизинен кыргыздардын байыркы мезгилден тартып, 20-кылымдын башына чейинки коомдук-философиялык ойлорунун өнүгүшүнө арнаган. Аманалиев кыргыздын атактуу Асан Кайгы, Толубай Сынчы, Санчы Сынчы, Жээренче Чечен, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч,Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу акын ойчулдарынын философиялык көз караштарын талдаган. Алардын социологиялык-философиялык ыймандык идеяларын терең изилдеп кыргыздын рухий дүйнөсүндөгү ордун белгилеген.


Эмг.; Из истории философской мысли Кыргызского народа. Ф., 1963; Социально-политические и философские идеи Токтогула и Тоголока Молдо. Ф., 1963; Кыргызские мыслители 19-го начало 20-го вв. Ф., 1965; Из истории религии и свободомысли в Киргизии. Ф., 1968.

                                                                                                           Т. Эсенгелдиев.