АФИНЫ АКРОПОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору ж-а чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып арх-ралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын

борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Б. з. ч. 12-к-га чейин А. а. сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит ж-а мезолит мезгилине таандык. Б. з. ч. 6-к-га таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566)

Иктин жана Калликрат (б. з. ч. 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.

храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (6‒4-к.) ж. б. сакталып калган. Б. з. ч. 480-ж. Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу скульптору Фидиянын жетектөөсү м-н ишке ашкан. Б. з. ч. 406-ж. бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары б. з. ч. 449‒421-ж. тургузулган. Б. з. ч. 447-ж. архитекторлор Иктин ж-а Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (скульптору Фидий) тургузулган. Б. з. ч. 437‒432-ж. архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар м-н бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (б. з. ч. 5 к.). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (б. з. ч. 421‒406-ж. курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. 5-к-дын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-ж. Афиныны түрктөр басып алгандан кийин А. А. пашанын резиден циясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-ж. А. А-ду венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түш.-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. А. А. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.