АЙДАРБЕКОВ Иманаалы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:00, 18 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРБЕКОВ Иманаалы (1894, Россия империясы, Жети-Суу облусу, Пишпек уезди, Арчалы конушу – 5. 11. 1938, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – саясий жана мамлекеттик ишмер; Кара Кыргыз автономиялык облусунун революциялык комитетинин төрагасы (1924–1925), Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун төрагасы (1927–1929). Атасы Айдарбек Турду уулу солто уруусуна караштуу күнтуу уругунун манабы болгон. Иманаалы Айдарбеков алгач жергиликтүү орус-тузем, анан Пишпектеги айыл-чарба мектебинен (1898–1905), Ташкент шаарындагы гидротехникалык окуу жайынан (1905–1910) билим алган. 1917-жылдан солчул эсерлердин (социал-революционерлер) партиясынын, 1918-жылдан коммунисттик партиянын мүчөсү. 1918-жылдан айыл коомунда катчы болуп иштеген. Андан кийин Пишпек уезддик революциялык комитетинин төрагасы (1920–1921), Пишпек уезддик советинин атко­мунун төрагасы (1921–1923), Жети-Суу облустук жер бөлүмүнүн башчысы (1923–1924).

АЙДАРБЕКОВ 149.png

1924-жылы Бүткүл Россиялык Борбордук Аткаруу Комитети 17 адамдан турган Кыргыз ревкомун бекитип, анын төрагалыгына И. Айдарбеков, орун басарлыгына Д. Зульфибаев мүчөлүгүнө М. Каменский, Ж. Абдахманов, С. Малышев, С. Чоңбашев, М. Ботобаев, П. Покровский, Б. Сарыбаев, Р. Расулов, И. Арабаев, Р. Кудайкулов, И. Тойчинов ж. б. шайланган. 1925-жылы Кыргыз автономиялуу обулусунун Орто Азиядагы (Ташкент ш.) атайын өкүлү, ошол эле учурда «Орто Азия даны» жана Кыргыз айыл-чарба банкынын башкармалыктарында мүчө, 1927–1929-жылдары Кыргыз АССРнин Жогорку сотунун  төрагасы болуп иштеген. 1929-жылдан Кыргыз АССРнин жеңил өнөр-жай жана соода комиссариаттарынын эл комиссары кызматтарын аркалаган. Айдарбеков Советтердин болуштук, уездик, облустук съезддерине бир нече жолу делегат болуп шайланган. Ак‑Суу коз­голоңун (1918), Нарындагы көтөрүлүштү (1920) басууга ка­тышкан. Совет бийлигин чыңдоого жигердүү ка­тышкандыгы үчүн Кыргыз АССР Борбордук аткому­нун Ардак грамотасы менен сыйланган. 1935-жылы 16-августта жалган жалаанын негизинде компартиянын мүчөлүгүнөн чыгарылып, 1937-жылы август айында социал-туран партиясынын мүчөсү деген айып менен камакка алынган. Көптөгөн кыйноо-кыстоолордон кийин 1938-жылы Фрунзедеги шаардык түрмөнүн короосунда атылган. 1958-жылы акталып, 1991‑жылы сөөгү ариет‑аза күтүү салты менен кайрадан Ата‑Бейит көрүстөнүндөгү жерге берилген.