АБОЛИЦИОНИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:31, 11 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБОЛИЦИОНИ́ЗМ (лат. abolitio - жоготуу, алып таштоо) – 1) кандайдыр бир мыйзамды жокко чыгаруу үчүн болгон коомдук кыймыл; 2) 18-кылымдын аягы – 19-кылымдагы АКШда негрлер кулчулугун жоюуга багытталган кыймыл. Кулчулуктан кутулуу үчүн АКШнын түштүгүндө негрлер кубаттуу көтөрүлүштөргө (1800, 1831) чыгышкан. Аболиционизм кыймылы америкалык кулчулукка каршы күрөшүү коому түзүлгөндөн (1833) тартып уюмдашкан түрдө жүрө баштаган. АКШдагы граждандык согуштун (1861–65) натыйжасында Линкольндун өкмөтү козголоңго катышкан кул негрлерди жер ыйгарбай азат кылуу актысын кабыл алган; 3) 18–19-кылымдарда Улуу Британия, Франция ж. б. бир катар Батыш өлкөлөрүндө колониялардагы кулчулукту жоюу үчүн кулач жайган күрөш.