АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:12, 5 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАНЫ КОНДИЦИЯЛОО – жабык жайда, транспорт каражатында ж. б. дагы абанын температурасын, салыштырма нымдуулугун, тазалыгын, курамын, кыймыл ылдамдыгын адамдын өзүн жакшы сезишине жана технологиялык процесстер, приборлор менен жабдуулардын жакшы иштөөсүнө ылайыктап жана андай кырдаалды автоматтык жол менен кармап туруу. Абаны кондициялоо – абаны даярдап, ташып бөлүштүрүүчү жана анын мүнөздөгүчтөрүн автоматтык түрдө жөндөп, аралыктан көзөмөлдөп, бардык процесстерди башкарып туруучу техникалык каражаттар жыйындысынан турган кондициялоо системаларында жүргүзүлөт. Абаны кондициялоо системалары борбордук (бир нече бөлмөнү тейлейт) жана жергиликтуу (бир бөлмөнү же анын бөлүгүн тейлейт), жыл бою жана жыл мезгилдеринде иштөөчү болуп бөлүнөт. Абаны кондициялоо системаларына бир, эки каналдуу, түз агуучу, тышкы гана абаны иштеп чыгып, аны жылдыруучу, тышкы жана ички абанын (кайра айлануучу) кошундуларын иштетүүчү техникалык каражаттар кирет.