АБАКИРОВ Анаш

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:41, 4 Март (Жалган куран) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБАКИРОВ Анаш ( 2. 3. 1926, Чүй облусу, Сокулук району, Кызыл Туу айылы – 26. 10. 1995, Бишкек) – журналист, тарых илимдеринин кандидаты (1966). Россиянын Иваново шаарындагы аскердик окуу жайын бүтүргөн (1942). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. Кыргызстан ЛКСМ БКда инструктор (1950-51), ошол эле жерде жооптуу уюштуруучу (1951–52), ВЛКСМ БКнын алдындагы Борбордук комсомолдук мектептин угуучусу (1952–54), «Ленинчил жаш» гезитинин редакторунун орун басары (1954–56,1961), комсомолдун Тянь-Шань обкомунун биринчи секретары, Кыргызстан ЛКСМ БКнын секретары (1956-59), Кыргызстан КП БКнын үгүт-насыят бөлүмүнүн башчысынын орун басары (1963, 1966–67), КПСС БКнын алдындагы Коомдук илимдер академиясынын аспиранты (1964–66), партиянын Фрунзе шаардык комитетинин экинчи секретары (1967–70), «Советтик Кыргызстан» гезитинин редактору (1970–72), Кыргыз ССРинин мамлекеттик басма комитетинин председатели (1972–79), Кыргыз ССРинин китеп сүйүүчүлөр коомунун председателинин биринчи орун басары (1979–87), Республикалык ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары (1991–95) болуп эмгектенген. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку чакырылышынын депутаты (1963–80). «Совет элин социалисттик интернационализм духунда тарбиялоодогу партиялык басма сөздүн ролу» (1966) аттуу илимий эмгеги жана «Унутулгус күндөр» (1958) ж. б. чыгармалары жарык көргөн. Ата Мекендик согуш ордени, Эмгек Кызыл Туу, эки жолу «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.
А. Түркмөнов.