БЕЛОЦКИЙ Морис Львович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:52, 27 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕЛОЦКИЙ Морис Львович [1895, Липовец, Киев губерниясы (азыркы Винница обл.) – 1944, Вышний Волочёк, Калинин облусу, РСФСР] – советтик- партиялык ишмер. ВКП (б) Кыргыз обкомунун биринчи секретары (1933–37). 1921–23-жылдары М. В. Фрунзе атындагы Аскер Академиясын бүткөн. 1932-жылы ВКП (б) БКнын алдындагы марксизм-ленинизм курсунда окуган. 1916–17-жылдары анархисттерге кошулган. 1918-жылдан РКП (б) нын мүчөсү. Ошол эле жылдан Литвада ревкомдун төрагасы, 1919–20-жылдары Украинада партиянын уезддик комитетинин секретары, 1920-жылдан Жумушчу-Дыйкан Кызыл Армиясында, 1-Атчандар армиясынын саясий бөлүмүнүн башчысынын орун басары, андан кийин 11-Атчандар дивизиясынын аскер комиссары. Ал генерал Врангель менен болгон салгылашта, советтик-поляк согушунда, 1921-жылы мартта Кронштадт козголоңунда өзүнүн талантын көрсөткөн. Ал үчүн эки жолу Кызыл Туу ордени менен сыйланган (30-июль 1921-жыл жана 23-март 1921-жыл). 1923-жылы Кызыл Армиянын Аскердик академиясында окутуучу, ошол эле учурда академиянын аскер комиссарынын жардамчысы. 1924-жылдын июнь айынан Бухара Элдик Советтик Республикасынын Термез шаарындагы СССРдин Башкы консулу, 1925-жылдан ВКП (б) нын Скопинский райкомунун биринчи секретары, ВКП (б) Түндүк Кавказ обкомунун инструктору, 1929–30-жылдары ВКП (б) Донецк облусунун парткомунун жооптуу секретары, 1930–32-жылдары ВКП (б) Түндүк Осетин обкомунун жооптуу секретары, 1932-жылы СССР Осоавиахимдин төрагасынын биринчи орун басары, 1933-жылдын сентябрынан 1937-жылдын мартына чейин ВКП (б) нын Кыргыз обкомунун биринчи секретары болуп иштеген. 1937-жылы 9-июлда ВКП (б) нын катарынан чыгарылып, эл душманы катары айыпталып, камакка алынган. 1944-ж. Калинин (азыркы Тверь) облусунун Вышний Волочёк шаарынын түрмөсүндө көз жумган. ВКП (б) нын X, XV, XVII съезддеринин делегаты. 7-чакырылыштагы СССР БАКтын мүчөсү.