АЛИМ ХАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АЛИМ ХАН Нарбото уулу (туулган жылы белгисиз ‒ 1809) ‒ Миӊ династиясынын өкүлү,1799‒1809-жылдары Кокон хандыгын бийлеген. Атасы Нарбото бийдин (1770‒1798) тушунда Төрө-Коргондо бек болуп турган. Алим хан менен Омор хандын (1810‒1822) энеси Миң-айым, Имамкул-бийдин кызы болгон. Бул экөөнөн тышкары Үрүстөм бий, Пазыл (Фазил) бий жана Жедигер (Йадгар) бий деген балдары болгон. Нарботонун улуу баласы Мухаммад-Амин атасынан мурун көз жумган. 1798-жылы июнь айында Нарбото дүйнөдөн кайтып, бийлик талашкан бир нече топ түзүлгөн. Биринчиси Алим же Оморду колдосо, Ажы бий (кийинки Шераалы хандын атасы) башындагы экинчи топ Үрүстөм бийге жан тарткан. Бийликке Алим келгенден кийин адегенде Ажы бий, андан кийин Үрүстөм бий өлтүрүлгөн. Ажы бий балдарын Таластагы кыргыздарга качырууга үлгүргөн. Алим хандын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти жана Чымкентти ээлеген. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Академик В. В. Бартольддун пикиринде Миң династиясынын анык негиздөөчүсү Алим хан болгон. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.

Ад.: Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана //Соч. Т. II, часть 1. М., 1963; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010.