АЛИМ ХАН
АЛИМ ХАН Нарбото уулу (туулган жылы белгисиз ‒ 1809) ‒ Миӊ династиясынын өкүлү,1799‒1809-жылдары Кокон хандыгын бийлеген. Атасы Нарбото бийдин (1770‒1798) тушунда Төрө-Коргонду бийлеген. Нарботонун улуу баласы Мухаммад-Амин атасынан мурун көз жумган. Алим хан менен Омор хандын (1810‒1822) энеси Миң-айым, Имамкул-бийдин кызы болгон. Бул экөөнөн тышкары Үрүстөм бий, Пазыл (Фазил) бий жана Жедигер (Йадгар) бий деген балдары болгон. 1798-жылы июнь айында Нарбото дүйнөдөн кайтып, бийлик талашкан бир нече топ түзүлгөн. Биринчиси Алим же Оморду колдосо, Ажы бий (кийинки Шераалы хандын атасы) башындагы экинчи топ Үрүстөм бийге тартышкан. Бийликке Алим келгенден кийин Ажы бий, Үрүстөм бий өлтүрүлгөн. Ажы бий балдарын Таластагы кыргыздарга качырууга үлгүргөн. Анын мезгилинде Кокон ээлигинин аймагы бир кыйла кеӊейип, хандык атала баштаган. Фергана аймагы толук каратылып, Ташкентти жана Чымкентти ээлеген. Кетмен-Төбө, Ош аймактарындагы кыргыздарды баш ийдирүү үчүн жасаган аракеттери ийгиликсиз аяктаган. Академик В. В. Бартольддун пикиринде Миң династиясынын анык негиздөөчүсү Алим хан болгон. Бийлик үчүн күрөштө козголоӊчулар тарабынан өлтүрүлгөн.
Ад.: Наливкин В. П. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886; Бартольд В. В. История культурной жизни Туркестана //Соч. Т. II, часть 1. М., 1963; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010.