БАРБАДОС.

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 21 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАРБАДОС, 1968-жылы Кариб эркин соода ассоциациясын (КАРИФТА) түзүүгө катышкан, анын базасында 1973-жылы Кариб коомчулугу жана Кариб жалпы рыногу (КАРИКОМ) пайда болгон. Ушул уюмдарга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы бажы тоскоолдуктарын жоюп, башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга бирдиктүү пошлиналарды (алымдар) белгилеген. 1995-жылы Барбадос Кариб өлкөлөрүнүн ассоциациясына кошулган, анын максаты ири аймактык эркин соода зонасын түзүү деп жарыяланган. Аралда эки партиялуу система түзүлгөн: Демократтык лейбористтик партиясы (ДЛП) жана Барбадос лейбористтик партиясы (БЛП). 1961–76-жылдары өлкөнү Э. В. Барроу (ДЛП), 1976–85-жылдары Дж. Адамс (БЛП), 1986–94-жылдары Барроу, 1987-жылдан Л. Э. Сэндифорд (ДЛП), 1994–2008-жылдары Оуэн Артур (БЛП), 2008-жылы бийликке Демократ лейбористтер партиясы (ДЛП) келип, аны Д. Томпон, 2010-жылдан Ф. Стюарт (ДЛП) жетектеген.