БУРАНА мунарасы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:05, 29 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''БУРАНА''' мунарасы – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Чүй өрөөнү...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

БУРАНА мунарасы – Караханийлер дооруна таандык тарыхый-архитектуралык эстелик. Чүй өрөөнүндөгү Токмок шаарынан 15 километр түштүк-батышта, Дөң-Арык айылынын чыгышында жайгашкан. Мунара Жети Суудагы түрктөргө ислам тарала баштаган мезгилде, X кылымдын аягы XI кылымдын башында курулган.

Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Бийиктиги 14 метр, түбүнүн диаметри 9 метр, төбөсүнүкү 6 метрге жакын. Мунара кайрак ташка чегилген жазуу жана ал Баласагындык мыйзамчы имам Мухаммадга коюлгандыгы тууралуу орто кылымдагы тарыхчы Мухаммед Хайдардын эмгегинде эскерет. Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Мунара Кыргызстандын аймагындагы курулуш өнөрүнүн жогорку деңгээлде өнүккөндүгүн далилдейт. Бурананын айланасында курулуштун калдыктары, чеп дубалдар бул жерде бир мезгилде Баласагын шаары өкүм сүргөндүгүн ырастайт. XIII–XIVкылымдарда шаар өзүнүн жашоосун токтоткон. 1971–1976-жылдары Бурана оңдолуп, калыбына келтирилген.

Бурана мунарасы – кыргыз элинин маданий мурасынын эстелиги жана Кыргызстандын археолого-архитектуралык музейинин бир бөлүгү, мунара Бурана шаарынын калдыгы жана Орто Азиядагы байыркы курулуштардын бири болуп саналат.

Бурана мунарасы – Кыргызстандагы маданий мурастардын катарын толуктайт.

Бурана мунарасы Баласагын шаарынын борбордук бөлүгүндөгү мечиттин жанына курулган. Мунара азан чакырып, намазга чогултуу милдети менен катар күзөт мунарасы катары да кызмат өтөгөн.

Мунаранын эң алгачкы бийиктиги 45–46 метр болгон. Бирок үстү жагы жер титирөөдөн улам кыйрап калган. Мунаранын бийиктиги азыркы күндө 21,7 метрге жетет. Бышкан кыш менен төрт бурчтуу пайдубалга сегиз кырдуу түптөлүп, цилиндр түрүндө тургузулган мунара чептин ичинде жайгашып, сырткы бети оймо-чийме менен кооздолгон, ичинде жогору карай буралып чыгуучу тепкичтер орнотулган. Түбүнүн диаметри 9 метр, төбөсүнүкү 6 метрге жакын.

Бурана Борбордук Азиядагы мунара архитектуралык эстеликтеринин эң байыркысы.

Бурана мунарасы мамлекет тарабынан коргоого алынып, ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Баласагын шаарында 4 зыяраткана, мончо, турак үйлөр жана суу түтүктөрү болгондугу археологиялык казууларда тастыкталган. Бул табылгалар учурда Бурана археология-архитектуралык музей комплексинде сакталуу.

Ачык асман алдындагы Бурана археология-архитектуралык музей комплексиндеги археологиялык казуу учурунда табылган экспонаттардын дээрлик көпчүлүгү ташка чегилип жазылгандар. Алар VI–Х кылымдардагы уз-чеберлердин ойлоп табууларына, таланттарына таандык. Бирок алар шаардын тарыхына эч байланышпайт, таптакыр башка доорго, байыркы Тянь-Шандын этносторуна, маданиятына таандык.

Бурана бүгүнкү күндө туристер көп барган тарыхый аймактардын бири.

XI кылымда Баласагын шаарында байыркы түрк жазма эстеликтеринин бири – «Кутадгу билигдин» автору, акын, илимпоз, ойчул Жусуп Баласагын туулуп-өскөндүгү белгилүү.