Тармактык Энциклопедия:NETWARE
21:45, 27 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page NETWARE to Тармактык Энциклопедия:NETWARE without leaving a redirect: Typo in page title) тарабынан жасалган версия
NETWARE. Novell фирмасынын тармактарында кеңири колдонулган Netware иштетүү системасы. Клиент сервер принцибинде уюшулган тармактар үчүн иштелип чыккан. Netware системи эки бөлүктөн турат, биринчиси сервердин үлүшү болуп, дайыма серверде жайгашат, экинчиси болсо клиент үлүшү, ал дайыма тармакка туташтырылган клиент компьютеринде жайгашат. Netware системасынын сервер үлүшү серверге туташтырылган жабдуу түзүлүшүн, ошондой эле сервердеги каалаган файлды же колдонмо программалык жабдыкты бөлүшүүгө мүмкүндүк берет. Системанын клиент үлүшүнүн башкы иши сервер менен байланыштыруу болуп эсептелет. Клиент компьютерлери, ошондой эле, Windows ко окшогон жергиликтүү иштетүү системасына ээ.