Тармактык Энциклопедия:AЧE

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:17, 27 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (Kadyrm moved page AЧE to Тармактык Энциклопедия:AЧE without leaving a redirect: Typo in page title) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АЧЕ, А ч е х – тарыхый облус. Суматра (Индонезия) аралынын түндүгүндө жайгашкан. 1-миң жылдыкта бул аймакка алгачкы Малайя мамлекеттери – Ба­рус (2-к.), По­ло (По­ли, 5–6-кк.), Ла­му­ри (Рам­ни, 9-к.), Пер­лак (9-к.) отурукташкан. 8-к-дан ислам дини кеңири жайылган. 16-к-га чейин аймак Пасей султанатынын курамында. 16-к-да көз карандысыз мамлекет катары Аче султандыгы түптөлгөн. Аченин экономикасы калемпир соодасына (Түштүк-Чыгыш Азиядан Европага калемпирди биринчи жолу импорттогон) негизделген. Аче Мекка, Осмон империясы, Улуу Моголдор империясы, Кытай, Индстан жана Индикытай мамлекеттери менен соода жана маданий байланыштарды түзгөн. 17-к-дын ортосунда Аче аймагында голландиялыктар пайда боло баштаган. 19-к-дын 1-жарымында голландиялыктар менен болгон кагылышуулар Аче согушуна айланган. Согуш Аче султанатынын жоюлушуна жана голландиялык бийликтин орношуна алып келген. Аче калкы голландиялык колонизаторлорго каршы боштондук үчүн узак убакыт күрөшкөн. 1976-ж. Аченин саясий көз карандысыздыгы жарыяланган.