АБА, байке
16:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
АБА, б а й к е – кыргызда кичүүлөрдүн жашы улуу эркектерди ызааттап кайрылышы, урматтап аташы же чакырышы. Кээ бир жерде кичүүлөр аталаш же жатындаш агасын аба деп айтышат. М. Кашгаринин сөздүгү боюнча тибет (тубут) тилинде бул сөз «ата» менен бирдей, маанилеш экени айтылат.
Ад.: Махмуд ал-Кашгари. Диван Лугат ат-Турк. /Пер., предисловие и комментарии З.-А. М. Ауэзовой. А., 2005.