Абдылда-хан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:47, 25 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''АБДЫЛДА (АБДАЛЛАХ)-ХАН''' (туулган жылы белгисиз – 30. 10. 1675-ж. өлгөн) – Моголстандын ханы (1638–1668),...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

АБДЫЛДА (АБДАЛЛАХ)-ХАН (туулган жылы белгисиз – 30. 10. 1675-ж. өлгөн) – Моголстандын ханы (1638–1668), Абд ар-Рахим-хандын (1560–1635) уулу, Султан Саид Баба-хандын (1628/29–1680) тир тууганы. Чагатай тукумунан. Атасынын ордуна отурар менен Аксуну (1635), Кашкар жана Котонду (1636) алып, Бадахшан менен Болорду караткандан кийин (1641-1642) анын ээлигинин батышы азыркы Нуристан, Фергана – чыгышы азыркы Кытай Эл Республикасындагы Сучжоуго чейин жеткен. 1668-ж. уулу Жолборс менен хандык талашып, Индияга кетүүгө аргасыз болуп, ошол жакта көз жумган.

Ад.: Шах Махмуд Чурас, О. А. Акимушкин. Хроника. СПб., 2010.