Абд ар-Рашид-хан II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 24 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Турганбаев Элебай (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''Абд ар-Рашид-хан II''' (туулган жылы белгисиз – 1694-ж. өлгөн) – ''Моголстан'' (Жаркент) ханы (1680–1682),...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

Абд ар-Рашид-хан II (туулган жылы белгисиз – 1694-ж. өлгөн) – Моголстан (Жаркент) ханы (1680–1682), Султан Саид Баба (1628–1680) хандын уулу, Абд ар-Рахим (1560–1635) хандын небереси. Өмүрүнүн аяк ченинде Чыгыш Түркстандагы Комул жана Чалышты (Карашар) бийлеген. 1680-ж. жунгар ханы (1671–1697) Галдан-Бошоктунун жардамы менен менен актоолук кожолор Жаркент менен Кашкарды алып, такка Абд ар-Рашидди отургузушат. 1682-ж. Галдан-Бошокту Жаркентти кайрадан каратып, бийликти Аппак-кожого (1626–1693/94) берген.