АГРОЛАНДШАФТ КАРТАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:43, 21 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (clean up) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГРОЛАНДША́ФТ КАРТАСЫ ‒ топурак кыртышынын структурасы менен кошо түрдүү табигый жана айыл чарба өзгөчөлүктөрүнө мүнөздүү участоктор чогуу чагылдырылган карта. Бул участоктор аймакты пайдалануу мүмкүнчүлүгүн чектеген көрсөткүчтөрдүн (кыртышы жуулуп кеткен, ашыкча нымдуу, таштуу ж. б. жерлер) негизинде бөлүнүп алынат, аны айыл чарба өндүрүшүнүн экологиялык, экономикалык жактарын караган мекемелер пайдаланат.