АУРИПИГМЕНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
22:32, 21 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (clean up) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АУРИПИГМЕ́НТ (лат. aurum ‒ алтын, pigmentum ‒ боёк) ‒ мышьяк сульфиди, минерал. Хим. формуласы As2S3. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү сары жана кыз

АУРИПИГМ ЕНТ44.png

гылт сары. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 1,5‒2, бычак менен оӊой кесилет. С. салммагы 3,49. Электр тогун өткөрбөйт, магниттелбейт. Төмөнкү температуралуу гидротермдик кендерде, арашан суулардын чөкмөлөрүндө жана жанар тоо кратерлеринде учурайт. Аурипигмент ‒ мышьяк кенташы (руда). Сары боёк катары да пайдаланылат.