АКCЫ РАЙОНУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:41, 17 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСЫ РАЙОНУ – Жалал-Абад облусунун түндүк-батышында жайгашкан. 1928-жылы уюшулуп, Кызыл-Жар району деп аталган. Курамына Чаткал, Ала-Бука, Кербен, Таш-Көмүр аймактары кирип, Жалал-Абад кантонуна баш ийген. Райондун борбору ‒ Кербен шаары (2004-жылдан шаар). 1936-жылы Ала-Бука, Чаткал, Кербен, Таш-Көмүр өз алдынча район болуп түзүлүп, Кызыл-Жар району жоюлуп кеткен. 1943-жылы Таш-Көмүргө шаар статусу берилгенине байланыштуу Таш-Көмүр району Жаӊы-Жол району деп аталып, райондун борбору Таш-Көмүрдөн Малкалды

АКCЫ РАЙОНУ6.png

(азыркы Жаңы-Жол) айылына көчүрүлгөн. 1958-жылы районго Караван, 1963-жылы Чаткал, Ала-Бука райондору кошулуп, борбору Караван кыштагы болуп калат. 1969-жылы Ала-Бука, Чаткал райондору кайрадан бөлүнүп чыккан. 1991-жылдан Жаӊы-Жол району А к с ы р а й о н у деп аталат. Түштүгүнөн жана түштүк-батышынан Өзбекстан, батышынан Ала-Бука, түндүк-батышынан Чаткал, түндүк-чыгышынан Токтогул, чыгышынан Ноокен райондору менен чектешет. Аянты 4,6 миӊ км2. Калкы 138544 (2022). Райондо 67 кыштакты бириктирген 11 айыл аймагы бар. Борбору ‒ Кербен шаары.
Райондун аймагы Нарын дарыясынын оӊ куймасы Кара-Суу суусунун алабын бүт ээлейт. Жери тоолуу. Түндүк, түндүк-батыш тарабында Чаткал, түштүгүндө Бозбу-Тоо, чыгышында Ат-Ойнок кырка тоолору жайгашкан. Алардын ортосунда батыштан чыгышка карай Кербен түздүгү созулуп жатат. Кен байлыктары: таш көмүр, курулуш материалдары. Климаты континенттик, жайы ысык, кышы анча суук эмес. Январдын орточо температурасы тоо этегиндеги жана тоо арасындагы дыйканчылык зоналарында ‒2...‒3°C, июлдуку 24‒25°C; тоолорунда январдыкы ‒4...‒5°C, июлдуку 18‒22°C. Жылдык жаан-чачыны райондун түштүк бөлүгүндө 290 мм, түндүк жана түндүк-чыгыш бөлүгүндө 600‒650 ммге чейин. Райондун аймагынан Пача-Ата (Падыша-Ата), Кара-Суу жана анын куймалары ‒ Авлетим, Ит-Агар, Аркыт ж. б. суулары агат. Алты көл бар; эӊ ириси ‒ Cары-Челек, анын тегерегинде Ийри-Көл, Ала-Көл, Бака-Көл, Кыла-Көл көлдөрү бар. Өрөөндөрдө боз топурак басымдуу, мында шыбак, эрмен, адырашман, жылгын, камгак, ажырык чөптөр, ошондой эле мисте, бадам ж. б. жемиш бактары өсөт. Тоолору (Чаткал) күрөӊ жана кара топурактуу келип, чекилдек, алма, алча, жаӊгак, карагай ж. б. өсөт. Cары-Челек биосфера коругу уюшулган.
Райондун калкынын көпчүлүгү кыргыз (2009-жылдагы эл каттоо боюнча 95,1%), ошондой эле өзбек, орус, татар, украин, тажик, уйгур ж. б. улут жашайт. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 22 киши (2003).
Райондук чарбанын негизги тармагы ‒ айыл чарбасы. Анын дыйканчылык тармагы өнүккөн. Айдоо аянты 17909 га (2004), анын 7691 гасы сугат жер. Жер жана агрардык реформанын негизинде райондо 5 колхоз, 4 совхоздун ордуна 230 дыйкан, 30 фермердик, 937 жеке, 3 мамлекеттик үрөн чарбалары түзүлгөн. Райондо дан эгиндери, тамеки, картошка, пахта, жашылча, бахча, 2,3 миң т май өсүмдүктөрү, мөмө-жемиш айдалат. Бодо мал, кой-эчки, жылкы асыралат. Үй куштары багылат; Өнөр жай ишканаларынан «Ыман-Ата» акционердик коому (1993-ж. «Кербен» сүт-май заводунун базасында уюшулган), «Гүлазык» жоопкерчилиги чектелген коом (1993-ж. «Кербен» вино цехинин базасында уюшулган), «Мадина» чакан ишканасы (1992-жылдан иштейт; пахта тазалайт, ун чыгарат, жыгач иштетет), «Глейзер-Дунай-Нарын» биргелешкен ишканасы (1997-жылы уюшулган; пахта тазалайт; кубаттуулугу 10 миӊ т) иштейт.
Райондо алгачкы мектептер 1919-жылы Cыны, 1923-жылы Ак-Суу (жетим балдар үчүн жатак-мектеп), 1928-жылы Кербен кыштагында ачылган. Учурда 44 орто, 5 негизги, 8 башталгыч мектеп иштейт. Мындан тышкары райондун аймагында жатак-лицей, 11 бала бакча, спорт мектеби, музыкалык мектеп, 2 кесиптик-техникалык окуу жайы, 2 балдардын эс алуу жайы, 16 маданият үйү, кинотеатр, музей, эс алуу багы, 20 мечит бар. Райондун калкын борбордук, 6 айылдык оорукана, 3 айылдык врачтык амбулатория, 29 ФАП, 14 дарыкана, CЭC тейлейт. Райондук «Аксы турмушу» гезити кыргыз тилинде чыгат. Т. Төрөбекова.