БАЗАРБАЕВ Шамшы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:42, 15 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРБАЕВ Шамшы (1937, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Долоно-Башат айылы ‒ 2004, Ош шаары) ‒ философ, философия илимдеринин доктору (1998), профессор (1993). КРдин билим берүүгө эмгек сиӊирген кызматкери (2001). 1963-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн. 1974‒98-жылдары Ош мамлекеттик унивеситетинде кафедра башчысы, педагогика жана тарых факультеттеринин деканы, 1998-жылдан университеттинн проректору. 100дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 4 монографиянын автору. Ал советтик доордо көлөкөдө кармалып келген дин багытын өзүнүн илимий эмгектеринде тереӊ изилдеп, аны маданияттын салмактуу бир тармагы катарында таасын көрсөткөн жана республикада биринчилерден болуп окуу китептерин жазган.
Эмг.: Дин жана үй-бүлө. Ф., 1972; Образ жизни и атеистические воспитание. Ф., 1990; Кыргыз маданиятынын өнүгүү диалектикасы. Ош, 2001.
Б. Солтонбеков.