АТЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
жыпар жыттуу заттардын спирттеги ж-а суу-спирт аралашмасындагы эритмеси; жыпар жыт берүүчү, тазалык ж-а сергитүү үчүн пайдаланылуучу суюктук. А-ды даярдоодо өсүмдүктөн, жаныбардан, хим. сырьёлордон алынуучу накта ж-а жасалма жыпар жыттуу 300гө жакын ар түрдүү зат кошулат. Өсүмдүктөн алынуучу заттар ‒ эфир майлары (буулантуудан алынуучу ж-а экстракт түрүндөгү) жыпар жыттуу зат (роза, кориандр, сандал), жасалма жыпар жыттуу зат (кориандр, сасафрас, анис) алууда сырьё, о. эле тундурма (пачули жалбырагы, кориандр уругу, эмен эӊилчеги) катары пайдаланылат. Жаныбардан алынуучу заттар (амбра, цибет, мускус) тундурма түрүндө гана пайдаланылат. Жыпар жыттуу заттардын саны 15тен 60ка жетет. Сырьёнун түрүнө жараша жыпар жыттуу заттарды экстрагирлөө процесси бир нече сааттан 1 жылга созулат. Жыпар жыттуу заттарды толук бөлүү үчүн 2‒3 ирет спирт м-н иштетилет. А. жылчыксыз жабык аппаратта же цистернада даярдалат. Алар мех. аралаштыргыч же насос м-н жабдылып, айрым аппаратта барботер м-н аралаштырылат. А-дын айрым түрүнө боёочу заттардын суу кошулган эритмеси аралаштырылат. Даяр А. ар кандай бөтөлкөчөлөргө вакуумдуу куйгуч машина м-н куюлат ж-а жылчыксыз бекитилет, автомат м-н текшерилет, жасалгаланат, кутуга салынат ж-а күн нурунан корголот. Пайдалануу мөөнөтү чыккан күндөн тартып 12 ай, «Экстра» тобундагылар 15 ай сакталат.