БАГЫШ кыштагы

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:33, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page БАГЫШ, кыштак to БАГЫШ кыштагы) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЫШ ‒ Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Багыш айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 26 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 18 км. Деӊиз деӊгээлинен 940 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3 035 (2022); негизинен дыйканчылыкта, мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.