БАБАЕВ Дөөлөтбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:54, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАБАЕВ Дөөлөтбай (27. 4. 1952-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак районну, Кедей-Арык айылы) ‒ педагог, педагогика илимдеринин доктору (1994). Физиканы окутуунун методикасы, теориясы жана тарыхы боюнча адис. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун физика факультетин бүтүргөн (1972). Санкт-Петербург шаарындагы билим берүү институтунда, 1972‒2005-жылдары ОшМуда лаборант, окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, кафедра башчысы, департаменттин директору, проректору, 2005‒2007-жылга чейин Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору, 2007‒2008-жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кошумча билим берүү жана квалификацияны жогорулатуу департаментинин директору, ошол эле учурда кафедра башчысы, 2008‒2011-жылдары азыркы ИСИТО окуу жайынын ректору, 2011-жылдан Кыргыз билим берүү академиясынын алдындагы педагогикалык кадрлардын квалификациясын жогорулатуу, даярдоо жана кайра даярдоо борборунун директору болуп эмгектенүүдө. 80ге жакын илимий эмгектердин автору.
Эмг.: «Теоретические основы профессионального становления учителя физики» СПб., 1992; «Основы профессиональной подготовки учителя физики в системе непрерывного образования» (авторлош). СПб., 1993; «Физиканы окутуу методикасы» (авторлош). Б., 1991; «Наблюдения и измерения при изучении физики в 6‒7 классах средней школы» (авторлош). Ф., 1988.