БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ
08:46, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) (Temirkan moved page БАБ-ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ to БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ) тарабынан жасалган версия
БАБ ЭЛЬ-МАНДЕБ КЫСЫГЫ Араб жарым аралынын түштүк-батыш учу менен Африканын аралыгында. Кызыл деӊизди Араб деӊизиндеги Аден булуӊу менен туташтырат. Узундугу 109 км, эӊ кууш жери 26 км, эӊ тайыз жери фарватеринде 31 м. Перим аралы кысыкты эки өткөөлгө (Чоӊ жана Кичи) бөлөт. Кысык жана Суэц каналы аркылуу Европаны Чыгыш жана Түштүк Азия, Австралия менен байланыштырган эӊ кыска суу жолу өтөт.