АЯТОЛЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:24, 10 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЯТОЛЛА (ар. ‒ «Алланын аяты», «Алланын белгиси») ‒ шииттерде дин башчыларына ыйгарылчу жогорку диний атак. Бул түшүнүк 19-кылымдын 2-жарымында пайда болгон. Мындай атакты алгандар көптөгөн өлкөлөрдүн шиит коомдорунда кездешет. Иранда 1979-жылы ислам революциясынын учурунда 30га жакын адамга ыйгарылган. Кийинчерээк Иран Ислам Республикасынын башчысы Хомейни Рухолла атакты берүүгө чек коюп, бул маселени өзү чечип калган.