АШКАБАК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШКАБАК (Cucurbita L) ‒ өсүмдүктөрдүн ашкабактар тукумундагы бир же көп жылдык чөп өсүмдүгү. Дүйнө жүзүндө 20 түрү бар. Негизинен анын 3 түрүнүн (ири жемиштүү, катуу кабыктуу же кадимки жана мускат) мааниси чоӊ. Ири жемиштүүсүнүн сабагы узун, чырмалып же төшөлүп өсөт; жалбырагы жазы, гүлү коӊгуроо сымал, өӊү сары, жемиши чоӊ (40‒50 кгдай), тоголок, боз же ак түстө, уругу саргыч же ак, сулпу, кабыгы жумшак. Ашкабактын тоют жана тамак-ашка пайдалануучу түрлөрү бар. Катуу кабыктуу же кадимки ашкабактын сабагы кырдуу, жалбырагы манжа сымал, тикендүү. Жемиши сүйрү, жалтырак, кочкул сары, сулпу саргыч, таттуу. Ашкабактын бардык түрүнүн гүлү айрым жыныстуу, кайчылаш чаӊдашат. Мускат, Кашгар-1644 сорттору өстүрүлөт. Ашкабакта кургак заттар, түрдүү кант, С витамини, каротин ж. б.; уругунда май болот. Ашкабактын уругу менен жемиши дарылыкка колдонулат.