«АВРОРА»

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:18, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Батма (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

«АВРОРА» – Балтика флотунун 1-рангадагы брондуу крейсери. 1900-жылы сууга түшүрүлгөн, 1903-жылы флот катарына кирген. 1904–05-жылдары орус-япон согушунда Цусима салгылашуусуна катышкан. 1917-жылы 25-октябрда (7-ноябрь) «Авроранын» замбирегинен атылган кур дүрмөт большевиктерге Кышкы сарайды алууга белги берген жана анын десанты куралдуу көтөрүлүшкө тике катышкан. 1948-жылы 17-ноябрда революциянын эстелиги катары «Авроранын» Нева дарыясында түбөлүк туруусу белгиленген. 1956-жылы «Аврора» крейсеринде Борбордук аскер-деңиз музейинин филиалы ачылган (Санкт-Петербург шаары.).