АШЕРАЛИЕВ Мухтар Есенжанович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:49, 9 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АШЕРАЛИЕВ Мухтар Есенжанович (1957-жылы туулган, Фрунзе шаары) – медицина илимдеринин доктору (2011). КММИни бүтүргөн (1980). Эмгек жолун КР Саламат сактоо министрлигинин Энени жана баланы коргоо улуттук борборунда клиникалык ординатор болуп иштеп баштаган. Ошол эле жерде кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, аллергология бөлүмүнүн башчысы. Анын 82 илимий эмгеги, анын ичинен 3 монография, 2 окуу китептери, ойлоп табуунун 2 патенти жарык көргөн.

Эмг.: Пути повышения эффективности терапии и качества жизни детей, больных бронхиальной астмой.– Б., 2009.–190с.