АТТИЛА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
(т. ж. белгисиз ‒ 453-ж. ө.) ‒ Азиядан Европага чейинки аймакты басып алган хунн уруулар союзунун кол башчысы, Мундцуктун уулу. Аны европалыктар «Кудайдын каары,
Папа Лев Iнин Аттиланы тосуп чыгышы. Рафаэль Санти, 1513-ж. Рим.

ааламдын токмогу» деп аташкан. 433-ж. Ругилас өлгөндөн кийин бир тууганы Бледа менен бирдикте хунндарды башкарат. 445-ж. Бледаны өлтүрүп, жеке өзү кол башчы болуп калат. Сармат ж-а герман урууларын баш ийдирип, өз өлкөсүнүн аймагын зор өлчөмгө кеӊейтет. А. остготтордун, гепиддердин, тюрингдердин, герулдардын, ругилердин ж-а хазарлардын күчтүү союзун түзөт. А. алгач Чыгыш Рим империясына өзгөчө коркунуч туудуруп, император Феодосий IIни зор өлчөмдөгү салык төлөөгө мажбурлаган ж-а төмөнкү Дунайдын оӊ жак жээгин бүт бойдон өзүнө баш ийдирип алган. Мидияны, Фракияны ээлеп, Константинополдун чет жакаларына чейин чабуул коюп турган. 450-ж. Батыш Рим императору Валентиан III карындашы Гонорияны бербей койгондугу на ызаланып, 500 миӊ жоокери м-н Рейн д-на чейинки аймакты ээлейт. Трир, Мец, Аррес, Орлеан ш-ларын курчоого алып, жоокерлерин Каталаун түздүгүнө Труа ш-на жакын жерге жайгаштырат. Ушул жерде 451-ж. күзүндө эбегейсиз зор кагылышуу болот. Хунндардын 2 жолку чабуулунун мизи кайтарылат. А. жоокерлерин Вагенбург чыӊдоосуна жайгаштырат. Бул салгылашууда 200 миӊден ашык жоокер курман болот. Кийинки жылы А. жаӊы согушка аттанат. Чыгыш Альп аркылуу Италияга өтүп, Аквилеяны, Альтинумду, Пазуяны, Миланды өз карамагына кошот. Бүткүл Италияга коркунуч туулат. Бирок А. күтүлбөгөн жерден жеӊиштүү жүрүшүн токтотуп, сүйлөшүүгө даяр экендигин билдирет. А. Паннонияга кайтып келип, 453-ж. бургундиялык Ильдико м-н никелешкен түнү каза болот. А-нын катуу соккудан же өз эли үчүн өч алгысы келген Ильдиконун колунан ажал тапкандыгы ж-дө божомолдор бар. А. өлгөндөн кийин хунн падышачылыгы тараган, анын образы кийин легендага айланып кеткен.
Ад.: Бернштам А. Н., Очерк истории гуннов Л., 1951; Гумилёв Л. Н., Хунны М., 1960; Мурад Аджи, Полынь Половецкого поля, М.,1994.