АЦЕТИЛЕН ГЕНЕРАТОРУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:49, 8 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЦЕТИЛЕН ГЕНЕРАТОРУ ‒ кальций карбидине (СаС2) сууну кошуп, ацетилен газын (С2Н2) бөлүп алуучу аппарат. Ал процесс төмөнкү реакция боюнча жүрөт: СаС2 + 2Н2О = С2Н2 + Са(ОН)2. Бул реакциянын натыйжасында 1 кг техникалык СаС2ден 20°С жана 101325 Н/м2 (760 сым. мам. мм) басымдагы 235‒285 л С2Н2 алынат. СаС2ден бөлүп алынуучу ацетилен газ пайда кылуучу генератордо алынат да, андан газ чогулткучка берилет. Жалпысынан төмөнкү (0,01 МН/м2 же 0,1 кгк/см 2 чейин), орточо (0,01‒0,15 МН/м2 же 0,1‒1 кгк/см 2) жана жогорку (0,15 МН/мг же 1 кгк/см 2 ашык) басымдуу ацетилен генератору болуп айырмаланат. Ацетилен генератору металл кесүү, ширетүү ж. б. иштерде колдонулат.