АФИНЫ АКРОПОЛУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:21, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФИНЫ АКРОПОЛУ‒ Байыркы Афинынын зыярат борбору жана чеп. Дүйнөдөгү эӊ ажайып архитектуралык ансамлдердин бири, акрополдун классикалык үлгүсү катары белгилүү. Афинынын борборунда бийик жерде батыштан чыгышка карай созулган аянтта (300 х 130 м) орун алган. Б. з. ч. 12-кылымга чейин Афины акрополу сепил болгон. Андан табылган байыркы табылгалар неолит жана мезолит мезгилине таандык. Б. з. ч. 6-кылымга таандык Афины Полиаддын (Гекатомпедон, 570‒566) храмынын пайдубалынын калдыктары, Эски Парфенон аталган Артемида ыйык жайы (6‒4-ккылымдар) ж. б. сакталып калган.

Иктин жана Калликрат (б. з. ч. 447‒432) тарабынан Афины кудайынын урматына курулган Парфенон.

Б. з. ч. 480-жылы Периклдин тушунда перстер тарабынан талкаланган Акрополду калыбына келтирүүдө бирдиктүү план иштелип чыгып, Грекиянын улуу скульптору Фидиянын жетектөөсү менен ишке ашкан. Б. з. ч. 406-жылы бүткөрүлгөн Эрехтейон храмынан тышкары, акрополдун негизги курулмалары б. з. ч. 449‒421-жылы тургузулган. Б. з. ч. 447-жылы архитекторлор Иктин жана Калликрат Акрополдун негизги маанилүү имараты Афинага (согуш кудайы) арналган Парфенонду курууга киришкен. Имараттын жанына Афинанын коло статуясы (скульптору Фидий) тургузулган. Б. з. ч. 437‒432-жылдары архитектор Мнесикл Акрополдун кире беришине салтанаттуу Пропилеи (колонналар менен бириктирилген эки портик) курган. Анын батыш тарабында Пинакотека (живопистик чыгармаларды сактоочу жай), түштүгүндө анчалык чоӊ эмес Ники храмы орун алган. Ники Антерос храмы. Бул жерде жеӊген атлеттер кудайлар урматына курмандык чалышкан (б. з. ч. 5 кылым). Парфенонго жакын Эрехтейон храмы (б. з. ч. 421‒406-жылдары курулган) жайгашкан. Акрополдо түрдүү кудайларга арналып тургузулган ыйык жайлар көп. 5-кылымдын аяк ченинде курулган Ники Антерос храмы тургузулган соӊ, Акрополдун курулушу аяктаган. 1456-жылы Афиныны түрктөр басып алгандан кийин Афины акрополу пашанын резиденциясына айланган: Парфенондо мечит, Эрехтейондо хан сарай, Пропилейде ок-дары кампасы жайгашкан. 1687-ж. Афины акрополуду венециялыктар курчоого алган учурда Парфенонго замбиректин огу тийип, талкаланган. Учурда анын түштүк-чыгыш тарабында Акрополь музейинин имараты жайгашкан. Афины акрополу Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.