БИЯНХУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Б ИЯ НХУ (болжол менен 25. 5. 1830, Сияньфу, Кытай  — 26. 7. 1882, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Токмок уезди, Пишпек) – 1862–77-ж. Цинь бийлигине каршы күрөшкөн дунгандар (хуэйцзу элинин) көтөрүлүшүнүн лидерлеринин бири. Кашкарда Эюб Мухаммед деген ат менен белгилүү. Шэньси провинциясындагы Сиань шаарына жакын жерде жашаган айылдык округдун аксакалы үй-бүлөсүнөн чыккан. 1862-жылдан Кытайдын Шэньси жана Ганьсу провинцияларында хуэйцзулардын куралдуу көтөрүлүштөрүнө катышкан. 1868-жылдан дунгандар козголоңдорун жетектеп, эл ичинде "Тигр" деген титулга ээ болгон. 1872-жылдын аягы – 1873-жылдын башында Биянху Синьцзяндагы маньчжур аскерлерине каршы уйгурлардын көтөрүлүшүнө катышкан. 1877-ж. көтөрүлүш Цин армиясынан жеңилип, Биянху 5 миң адамы менен качып, Торугарт ашуусу аркылуу Кыргызстанга өткөн. Кытай бийлигинин Биянхуну кайтаруу талабын Россия өкмөтү канааттандырган эмес. Учурда урпактары Кыргызстандын Ананьево айылында жашайт.