БИХАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:55, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БИХА Р – Индиянын түндүк -чыгышындагы тарыхый облус, 1950-жылдан Индия республикасынын штаты. Ганга түздүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Непал, чыгышынан Батыш Бенгалия, батышынан Мадхья-Прадеш жана Уттар-Прадеш, түштүгүнөн Джаркханд штаттары менен чектешет. Аянты 94 миң км2. Калкы 90,3 млн киши (2005). Админстрациялык Борбору – Патна. Бихар салты Будда Шакьямунинин (б. з. ч. 6–5-к.) ишмердүүлүгү менен байланышкан. Гупта жана Ашока (б. з. ч. 3-к.) империяларынын тушунда Биха Р гүлдөп өнүккөн. Биха Р 12-к-дын аягы–18-к-дын ортосунда Дели султанатынын, Улуу Моголдор мамлекетинин курамында. 1757–65-ж. англиялыктарга, 1911-жылдан Британдык Индия провинциясына баш ийген.