БАЙЛАНЫШ-КАТЫШ ПРОГРАММА ЖАБДЫГЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:50, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
БАЙЛАНЫШ-КАТЫШ ПРОГРАММА ЖАБДЫГЫ (Communication software). Башка колдонмо програмиалык жабдыктарга караганда компьютердин колдонулушунун өсүшүнө алып келген  юабдык. Байланыш-катыш программалык жабдыктары берилиштерди бир компьютерден экинчисине жиберүүдө колдонулат. Компьютерлерди өз ара байланыштырууда ар бири берилиштерди жиберүүчү программалык жабдык жана жабдуулар менен камсыз болуш керек. Булардан сырткары компьютерлерди туташтырган телефон же радио линиясы болууга тийиш. Байланыш пакеттеринин көпчүлүгү түрдүү тексттик жана графиктик файлдарды, факс документтерин жана интерактивдүү кызматтардан же интернеттен алынган маалыматтарды жиберүүгө жана кабыл алууга жөндөмдүү. Берилиштерди жиберүү жана кабыл алуу менен катар байланыштын программалык жабдыктары кошумча байланыш кызматтарын сунуш кылат.