БАРБАДОС.
БАРБАДОС, 1968-ж. Кариб эркин соода ассоциациясын (КАРИФТА) түзүүгө катышкан, анын базасында 1973-ж. Кариб коомчулугу жана Кариб жалпы рыногу (КАРИКОМ) пайда болгон. Ушул уюмдарга мүчө болгон мамлекеттердин ортосундагы бажы тоскоолдуктарын жоюп, башка өлкөлөрдөн ташылып келген товарларга бирдиктүү пошлиналарды (алымдар) белгилеген. 1995-ж. Барбадос Кариб өлкөлөрүнүн ассоциациясына кошулган, анын максаты ири аймактык эркин соода зонасын түзүү деп жарыяланган. Аралда эки партиялуу система түзүлгөн: Демократтык лейбористтик партиясы (ДЛП) жана Барбадос лейбористтик партиясы (БЛП). 1961–76-ж. өлкөнү Э. В. Барроу (ДЛП), 1976–85-ж. Дж. Адамс (БЛП), 1986–94-ж. Барроу, 1987-жылдан Л. Э. Сэндифорд (ДЛП), 1994–2008-ж. Оуэн Артур (БЛП), 2008-ж. бийликке Демократ лейбористтер партиясы (ДЛП) келип, аны Д. Томпон, 2010-жылдан Ф. Стюарт (ДЛП) жетектеген.