АТРОФИЯ
14:22, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата 556-684>KadyrM тарабынан жасалган версия
(лат. atropheо ‒ тамаксыз ) ‒ организмдин айрым мүчөлөрүнүн же ткандарынын кичирейиши, соолушу ж-а алардын аткарган кызматынын бузулуп , биротоло токтошу. Ал ар кандай себептерден болуп, айрыкча денеде ассимиляцияга караганда диссимиляция процесси басымдуу болгондо келип чыгат. Анын физиол., патол. жалпы ж-а чектелген түрү болот. Физиол. А-га улгайган кишилерде жаш өткөн сайын мээнин, ички органдардын, жыныс бездеринин, сөөктөрдүн кичирейиши, теринин жукарып, бырышуусу ж. б. кирет. Патол. жалпы А. дене жетишсиз тамактанганда, узакка созулган ооруларда же ууланганда, борбору нерв системасынын, ички бездердин иштешинин бузулушунда ж. б. байкалат. Денедеги орган ж-а ткандарга кандын такай аз барышы, кээ бир жугуштуу, шал (полиомиелит) оорусунда ж. б. нерв системасынын ооруларында буту-колдун узакка кыймылсыз абалда болушу, кырсыктар чектелген А-га алып келет. Кандайдыр бир дене мүчөсүнүн А-сы анын функциясынын бузулушу м-н байланыштуу, мис., көрүү нервинин А-сында сокур болуу, мээге кан куюлганда дененин бир бөлүгүнүн шал болуусу мүмкүн. Патол. А-нын себептерин ачып, өз убагында дарыласа жабыркаган органдар ж-а ткандар мурунку калыбына келиши ыктымал. Өтүшүп кетсе дарылоо натыйжасыз.