АТЫШОВ Боронбай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:30, 28 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТЫШЕВ Боронбай (1930, Ош облусу, Ноокат району, Ата-Мерек кыштагы ‒ 7. 4. 1984, ошол эле жерде) ‒ тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Эмгек жолун 1946-жылы Ош облусунун Ноокат районундагы «Россия» колхозунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. 1956-жылдан тамеки өстүрүүчү бригаданын бригадири. Ал жетектеген бригада тамеки өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1965-жылы 29га жердеги тамекинин ар гектарынан 33,9 ц түшүм алган. 1967‒71-жылдары Кыргыз

АТЫШОВ 142.png

ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.